12.07.2018 10:00

Сооронбай Жээнбеков Таластагы «Чыңгыз Ордо»  музей-комплексинин курулушу менен таанышат

Сооронбай Жээнбеков Таластагы «Чыңгыз Ордо»  музей-комплексинин курулушу менен таанышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарларын улантууда. Бүгүн, 12-июлда мамлекет башчысы бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чынгыз Айтматовдун кичи мекени- Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.

Президент ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.